КРдин футбол боюнча жаштар командасы Назарбаевдин күбогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу машыгуу учурунда. Архив
Футболчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш август айында Шымкентте өтөт. Жеңиш үчүн сегиз мамлекеттин курама командалары өз күчүн сынайт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Казакстан президентинин кубогу үчүн боло турчу мелдешке даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Машыгуулар 6-августка чейин уланат.

Бул мелдешке Кыргызстан, Россия, Иран, Азербайжан, Албания жана Тажикстандын курама командалары катышары күтүлүүдө. Ал эми Казакстандан эки команда күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0