Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы CAFA Cup үчүн ат салышат

© Фото / пресс-служба ФФКР Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19). Архив
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23 спортчудан турган команда турнир алдында Бишкекте машыгууларын өткөрүүдө.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (19 жаштан ылдый) эл аралык "Cafa Cup — U-19" турнирине катышарын Футбол федерациясы билдирди.

Спорттук медалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүлөйлөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште кыргыз дзюдочулар эки медаль тагынышты
Мелдеши 6-9-август күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтөт.

Учурда команда Бишкекте машыгууларын өткөрүп жатат. 23 футболчуну башкы машыктыруучу Владимир Сало машыктырууда.

Кыргызстандык футболчулардын атаандаштары Өзбекстан менен Афганистандын курама командалары болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0