Рио-2016: балбандын тукуму Жанарбек Кенжеев спортчулардын укугун коргосом дейт

© SputnikГрек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев олимпиадалык делегациянын басма сөз катчысы Кабыл Макешовго Олимпиада алдындагы сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын курама командасындагы балбандар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Рио Олимпиадасына сапар алышты
Балбан Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Бирок мелдештен кийин канынан мельдоний табылды деген негиз менен анын жолдомосу индиялык балбанга берилген. Кыргызстандын Күрөш федерациясы менен Улуттук Олимпиада комитетинин катышан кийин Кенжеевге жолдомосун кайтарып берип, таймашууларга жолу ачылды. Учурда ал 33 жашта. 

— Ата-энем Таласта жашайт. Ата-бабам балбандар болгон. Кайнатам Мейрамбек Ахметов да Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, олимпиадалык даражадагы калыс, СССР спорт чебери. Келинчегимдин аты Зауреш. 2010-жылы экөөбүз түтүн булатып, үй-бүлө курганбыз. Бир уул, бир кызыбыз бар. Жыл бою машыгууларда көп болгондуктан, алар менен чогуу убакыт өткөрө албаймын. Машыгуулардан же мелдештерден келгенден кийин алардын чоңоюп калаганын байкайм.

— Спорт дүйнөсүнө кантип баш багып калдыңыз эле?

— Кичинекей кезимде айылыбызда кыргыз күрөшү боюнча мелдештер болуп турчу. Таласта балдарды күрөштүрүп, күч сынашуу адатка айланган. Менин бир туугандарым дагы күрөш менен машыккан, улуу агам мени спортко кызыктырып, күрөштүн ыкмаларын үйрөтүп, спортко болгон сүйүүмдү ойготкон. Кийин кесипкөй спортчу болгондугума байланыштуу ал мени машыктырып, спарринг өнөктөш катары машыгууларды уюштурган. 

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев
Борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев  - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев

Мен Бишкек шаарындагы №66 мектепте окугам. Мектепти алтын медаль менен аяктап, күрөштү да таштабай үзбөй машыкканмын. Спорт менен эле жүрө бербей, бир кесипке ээ болоюн деп юриспруденцияга тапшырып, жогорку билим алгам.

— Кийин кесибиңиз боюнча иштейсизби?
— Рио Олимпиадасынан кийин белгилүү болот го. Мендей укугу басмырлаган спортчуларга юрист катары жардам берсем деген тилегим бар.

— Сиз спортчу болбосоңуз, ким болот элеңиз?
— Мамлекеттик кызматкер же жеке ишкер болуп иштемекмин.

— Балдарыңызды спортко бересизби?

Олимпиада оюндарынын катышуучусу, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Руслан Царев: башында грек-рим күрөшүн олуттуу кабыл алган эмесмин
— Чынында спорт – бул кыйын, татаал иш, ал үчүн чарчабай, чаалыкпай жана өзүңдү аябай эмгектениш керек. Азия чемпионаттарын, эл аралык мелдештерди жеңиш үчүн көп түйшүк, мээнет зарыл. Андан сырткары абдан чыдамкай, намыскөй болуп, туруктуу жана так режимди сакташы керек. Чоң спорт, албетте жаракатсыз болбойт. Оору, түйшүк аркылуу сыналып, такшалып, чеберчилиги жогору болбосо, анда чоң жетишкендиктерге жетүү кыйын.

Балдарым спортко кызыкса чектөө койбойм. Бирок, спорттон көрө алар илим-билим алышса дейм. 

© AFP / PRAKASH SINGHЖанарбек Кенжеев: спорт – бул кыйын, татаал иш, ал үчүн чарчабай, чаалыкпай жана өзүңдү аябай эмгектениш керек.
Борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан
Жанарбек Кенжеев: спорт – бул кыйын, татаал иш, ал үчүн чарчабай, чаалыкпай жана өзүңдү аябай эмгектениш керек.

— Олимпиада оюндарынын алдында токунданып жатасызбы?

Эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: ыр жазып, сүрөт тарткан балбан Айсулуу Тыныбекова: Олимпиадага даярмын!
— Албетте толкундануулар болот. Бул менин экинчи олимпиадам. 2004-жылы Афина шаарында өткөн олимпиадада атаандаштарга алдырып коюп, өкүттө калгам. Андан бери далай суу акты. Байгелүү орундарды ээлеп, балбан катары жетилип, чеберчилигим өстү. Далайды көрдүм, такшалдым. Чынын айтсам, олимпиадага катышуу — бул чоң жоопкерчилик. Мамлекеттин желеги эки учурда гана көтөрүлөт: президент башка өлкөлөргө барганда жана спортчу жеңген учурда.Ошондуктан Риодо Кыргыз туусун бийик көтөрүп, намысты колдон чыгарбай, байгелүү орунга жетсем деген тилек күч. Риодо калыстар калыстыктан тайбай, чыныгы атаандаштык болсо дейм.

— Допинг чырынан кийин жолдомоңуз кайтарылганда кандай сезимге туш болдуңуз?
— Допинг чыры мени убайымга салып, кыжалат кылып, бир топ убактымды алып койду. Ошондой болсо дагы мен машыгууну үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылдым. Эч кимге дооматым жок. Албетте, сүйүндүм. 

© © SputnikЖанарбек Кенжеев: допинг чыры мени убайымга салып, кыжалат кылып, бир топ убактымды алып койду. Ошондой болсо дагы мен машыгууну үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылдым. Эч кимге дооматым жок. Албетте, сүйүндүм.
Участник Олимпиады-2016, борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев - Sputnik Кыргызстан
Жанарбек Кенжеев: допинг чыры мени убайымга салып, кыжалат кылып, бир топ убактымды алып койду. Ошондой болсо дагы мен машыгууну үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылдым. Эч кимге дооматым жок. Албетте, сүйүндүм.

— Сиз менен бирге өлкө намысын коргоо үчүн Риого бараткан олимпиадачыларга эмне каалап кетет элеңиз?

Рио-де-Жанейро жайкы олимпиадалык оюндарында дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандык катышуучу Отар Бестаев - Sputnik Кыргызстан
РИО-2016: Дзюдочу Отар Бестаев: Кыргызстандын намысын аягына чейин коргойм
— Олимпиадага жолдомо жеңип, катышуунун өзү эле чоң сыймык жана жоопкерчилик. Далай мыкты спортчулар 4-5 жыл даярдык көрүп, бирок Олимпиадага катыша албай арманда калышты. Ошондуктан Рио олимпиадасында Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, биздин күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылып, биздин мамлекетибизди жакшы жыйынтыктар, жеңиштер менен кубандыралы. 

Улуттук курама команданын Рио олимпиадасындагы актуалдуу маалыматтары жөнүндө "РИО-2016" Sputnik Кыргызстан рубрикасынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0