Кыргызстандык жаш гимнаст Кытайдан эки алтын медаль менен кайтты

© Фото / предоставлено Сабиной АккулаковойКыргызстандык жаш гимнаст Эдель Касенова Кытайда өткөн эл аралык Zhong Ling Beijing Cup 2016 мелдешинде
Кыргызстандык жаш гимнаст Эдель Касенова Кытайда өткөн эл аралык Zhong Ling Beijing Cup 2016 мелдешинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жаштагы Эдель Касенова Пекинде болгон турнирде Кыргызстандын намысын коргоду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш гимнаст Эдель Касенова Кытайда өткөн эл аралык Zhong Ling Beijing Cup 2016 мелдешинде эки алтын медаль менен кайтканын машыктыруучусу Сабина Аккулакова билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: балбандын тукуму Жанарбек Кенжеев спортчулардын укугун коргосом дейт
Пекин шаарында 1-августта башталган мелдеш 4-августта аяктайт. Ага Кыргызстан, Кытай, Гонконг, Сингапур, Малайзия, Япония, Канада, Австралия, Израиль, Россия жана Украинадан келген спортчулар катышкан.

Кыргызстандын намысын коргогон алты жаштагы Эдель обруч жана эркин көнүгүүлөрдө алдына эч кимди салган эмес. Ал ошондой эле көнүгүүлөрдү эң мыкты жана кооз аткарганы үчүн атайын сыйлыкка да ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0