Көчмөндөр оюну: тогуз коргоол боюнча КР курама командасынын курамы аныкталды

Жазылуу
Кыргызстандын атынан төрт оюнчу катышат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентбярь айынын башында өтөт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан катыша турчу спортчулар аныкталганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентбярда Ысык-Көлдө өтөт. Учурда оюндарга катыша турганын 29 мамлекет расмий түрдө тастыктаган.

Тогуз коргоол боюнча өлкө намысын Анарбек Жамакеев, Кубан Сазаев, Аида Керимбекова, Лязат Райымбекова коргойт. Аларды Нурия Султанмуратова машыктырууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0