Көчмөндөр оюнуна мангала боюнча катыша турган спортчулар аныкталды

© flickr.com / Ministerio de CienciaМангала — түрктөрдүн интеллектуалдык оюну
Мангала — түрктөрдүн интеллектуалдык оюну - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча күч сынашуу жүрөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мангала оюну боюнча катыша турган улуттук кураманын спортчулары белгилүү болгондугун Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн саны 29га жетти
Ага ылайык, курамага Азиза Жамансартова, Акылбек Касымов, Гулжамал Сарыкеева жана Кубанычбек Ибрагимов тандалды. Ал эми аларга Абдусалим Чылымов башкы машыктыруучулук кылат. 

Мангала — түрктөрдүн интеллектуалдык оюну. Аны эки адам ойнойт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча күч сынашуу жүрөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0