БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтөт. Бул тууралуу КРдин волейбол федерациясы билдирди.
Орто Азия боюнча тандоо турунда Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары, Афганистан жана Бангладеш өлкөлөрү күч сынашат.
"Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудинов командага 15 мыкты оюнчуну тандап алды", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чара 12-20-сентябрь күндөрө өтөт.