Рио-2016: сууда сүзүүчү Дарья Таланова жарым финалга чыкпай калды

© Sputnik / Михаил РогожинСууда сүзүүчү Дарья Таланова. Архив
Сууда сүзүүчү Дарья Таланова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу айлампаны 1 мүнөт 10,94 секундда сүзүп өтүп, 33-орунду ээледи.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Дарья Таланова сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча Олимпиадада жарым финалга чыкпай калды. Бул тууралуу Риодогу Олимпиаданын расмий сайты кабарлады. 

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу колумбиялык Хуан Карлос Каррильо менен - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: кыргызстандык мушкер менен оор атлетчинин жыйынтыктары
Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 19 спортчу аттанган. Алардын ичинен дзюдо боюнча Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча Жаныл Окоевалар ийгилик жарата алышкан эмес. 

Сууда сүзүүнүн брасс ыкмасы боюнча 100 метрдик аралыкка 44 спортчу күч сынашып, алардын 16сы жарым финалга өтүштү. Ал эми Дарья Таланова 1 мүнөт 10,94 секундда келип, 33-орунду ээледи. Алтынды болсо америкалык спортчу Лилли Кинг тагынды. 

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0