Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан жайкы олимпиадалык оюндарда америкалык Майкл Фелпс

Тарыхта 19 жолу Олимпиада чемпиону болгон алгачкы спортчу пайда болду

791
(жаңыланган 10:38 08.08.2016)
Америкалык Майкл Фелпс жайкы олимпиадалык оюндарда 19-алтын медалды жеңип алды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан жайкы олимпиадалык оюндарда америкалык Майкл Фелпс 4х100 метрлик сууга сүзүүдө биринчи келип, 19-алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Финалдык таймашта АКШнын курама тобундагы Фелпс, Калеб Дрессел, Райан Хелд жана Натан Эдриан 3 мүнөт 9,92 секунд убакытта келип эң мыкты атыгышты. 

Фелпс тарыхта 19 жолу чемпион атыккан алгачкы спортчу. Анын эсебинде 23 олимпиада медалы бар. 

791
Белгилер:
сууда сүзүү, тарых, олимпиада, Спорт, Майкл Фелпс
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: сууда сүзүүчү Дарья Таланова жарым финалга чыкпай калды
Пикирлер