Кыргызстанда 80 көзгө атар катышкан жаа атуу боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаа атып жаткан спортчу. Архив
Жаа атып жаткан спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдөр арасында жеңүүчүлөр дүйнөлүк мелдешке жолдомо алат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жаа атуу боюнча спорттун чебери аталуу үчүн 80 спортчу ат салышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Асел Шарбекова билдирди. 

Шаршемби күнү мелдештин тандоо туру башталып, 10-августта финал өтөт. 

"Мелдешке жалпысынан 40 өспүрүм жана 40 чоң киши күч сынашат. Өспүрүмдөр арасында жеңишке жеткендер 2017-жылы Түркмөнстанда өтө турган дүйнө биринчилигине барат. Ал эми чоңдор арасында жеңүүчүлөр спорттун чебери аталат", — деди Шарбекова. 

Турнир "Трудовые резервы" стадионунда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0