Кыргыз-казак футболчуларынын оюну үчүн стадион толугу менен даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековДөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Архив
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол федерациясы тарабынан учурда айрым отургучтар алмаштырылып, таштандыларды тазалап жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион футбол боюнча өтө турган Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешине толугу менен даяр. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Аталган беттеш 30-август күнү Бишкекте өтөт. Оюнга билеттер 18-августтан тартып стадиондун кассасында сатылып баштайт. Билеттин баасы 200 сомдон 500 сомго чейин болот. 

Футбол федерациясы учурда айрым отургучтар алмаштырылып, таштандылар тазаланып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0