Иззат Артыков медаль тагып жатканда эмне үчүн көзүнө жаш алганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековРио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков.
Рио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артыков апасы "көчөдө көп жүрбө" деп спортко алып келгенин айтып, алган байгесин кыргыз элине жана апасына арнаганын дагы бир жолу белгиледи.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Рио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков өмүр бою мамлекет тарабынан ай сайын 15 миң сом стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова "Манас" аэропортунда болгон маалымат жыйында билдирди. 

Белгилей кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында жалпысынан 339 килограмм салмакты көтөрүп, үчүнчү орун — коло медалга ээ болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековРио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков өмүр бою мамлекет тарабынан ай сайын 15 миң сом стипендия алат.
Рио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков өмүр бою мамлекет тарабынан ай сайын 15 миң сом стипендия алат. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Рио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков өмүр бою мамлекет тарабынан ай сайын 15 миң сом стипендия алат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилей кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында жалпысынан 339 килограмм салмакты көтөрүп, үчүнчү орун — коло медалга ээ болгон.
Белгилей кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында жалпысынан 339 килограмм салмакты көтөрүп, үчүнчү орун — коло медалга ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Белгилей кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында жалпысынан 339 килограмм салмакты көтөрүп, үчүнчү орун — коло медалга ээ болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековБардинова ошондой эле Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекеттен ай сайын жогорку категориядагы стипендия — 45 миң сом ала турганын кошумчалады.
Бардинова ошондой эле Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекеттен ай сайын жогорку категориядагы стипендия — 45 миң сом ала турганын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бардинова ошондой эле Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекеттен ай сайын жогорку категориядагы стипендия — 45 миң сом ала турганын кошумчалады.
1/3
Рио олимпиадасында коло медаль алган балбан Иззат Артыков өмүр бою мамлекет тарабынан ай сайын 15 миң сом стипендия алат.
2/3
Белгилей кетсек, Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында жалпысынан 339 килограмм салмакты көтөрүп, үчүнчү орун — коло медалга ээ болгон.
3/3
Бардинова ошондой эле Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекеттен ай сайын жогорку категориядагы стипендия — 45 миң сом ала турганын кошумчалады.

Бардинова ошондой эле Иззат Артыков 4 жыл бою мамлекеттен ай сайын жогорку категориядагы стипендия — 45 миң сом ала турганын кошумчалады. Эскертсек, олимпиадада байгелүү орун алгандарга мамлекет тарабынан биринчи орун үчүн 7 миллион, экинчи орунга 5 миллион, үчүнчү орун үчүн 3,5 миллион сом убадаланган. 

Москва шаарында өткөн Олимпиадада оор атлетика боюнча чемпион болгон Каныбек Осмоналиев Иззат Артыков байгелүү орун алганда экөө тең көзүнө жаш алып ыйлаганын кошумчалады. 

Ал эми коло медалдын ээси Артыков апасы "көчөдө көп жүрбө" деп спортко алып келгенин айтып, алган байгесин кыргыз элине жана апасына арнаганын дагы бир жолу белгиледи. 

"Медаль алып жатканда ушул жеңишке жетүү үчүн болгон кыйынчылыктардын баарын эстеп көзүмө жаш алдым", — деди ал. 

Риодо коло медаль тагынган Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
5-августта башталган Рио Олимпиадасында Кыргызстандын намысын 19 спортчу спорттун алты түрүнөн коргоп жатат. Алардын ичинен оор атлетчилер — Жаңыл Окоева, Иззат Артыков, сууда сүзүүчүлөр — Дарья Таланова, Денис Петрашов, боксчу Эркин Адылбек уулу жана дзюдочу Отар Бестаев өз күчтөрүн сынашты. 

Алдыда дагы күрөшчүлөр, жеңил атлетчилер жана дзюдочулар болуп 13 спортчу өлкө намысын коргошот. 

Кыргызстандык спортчулар качан күч сынаша турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0