Балбан Арсен Эралиев адегенде эле дүйнө чемпиону менен күч сынашмай болду

© Фото / Кабыл МакешовКыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешүү бүгүн Бишкек убактысы менен саат 19.00дө болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда кубалык дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен беттешмей болду. Бул тууралуу олимпиадалык курама команданын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий жана кубалык Алекс Гарсия Риодогу олимпиадада - Sputnik Кыргызстан
Дзюдочу Краковецкий Олимпиадалык оюндардан медалсыз кайта турган болду
Олимпиадалык беттешүү жекшемби күнү саат 19.00дө болот. Эралиев 59 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышат.

Макешов машыктыруучу Канатбек Бегалиев менен жолукканын, даярдык уланып, маанай жакшы экенин айтты. Эралиев өлкө намысын коргоого болгон аракетин жумшайт.

Кыргызстандын капчыгында азырынча олимпиадалык бир коло медаль бар. Аны оор атлетчи Иззат Артыков утуп алды. Ал эми жалпысынан Кыргызстандын атынан 19 спортчу аттанып, анын жетөө жарыштан четтеп калды.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0