Рио-2016: үмүт шамын жандырган Азия чемпиону Арсен Эралиев тууралуу 5 факты

© AP Photo / Paul SancyaУлуттук курама команданын капитаны, Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча ат салыша турган Арсен Эралиев. Архив
Улуттук курама команданын капитаны, Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча ат салыша турган Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук курама команданын капитаны, Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча ат салыша турган Арсен Эралиев тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын капчыгына медаль алып келет делгендердин бири Арсен Эралиев бүгүн, 14-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат. 

Арсен 59 килограммдык салмакта күрөштү 1/8 финалга чыгуу үчүн баштайт. Анын алгачкы атаандашы 2015-жылдын дүйнө чемпиону, кубалык Исмаэл Борреро Молина болот.

  • 26 жаштагы балбан Талас обулусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Арсен — үйдөгү 5 бир туугандын эң улуусу.
Участницы олимпиады 2016 во время забега на длинную дистанцию - Sputnik Кыргызстан
Рио 2016: бүгүн күч сынашчу кыргызстандык жөө күлүктөр тууралуу 5 факты
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери. Алгачкы устаты — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов. Арсенди эл аралык аренага таанытып, ийгиликтерге жетүүсүнө жол ачып таптаган устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов болуп саналат.
  • 2011-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, финалдык беттешүүдө өзбекстандык атаандашын 8:0 эсебинде утуу менен Азия чемпиону болгон. 
  • Эл аралык спорттун чебери Арсен грек-рим күрөшү менен 15 жашынан машыгып келет. Ал Риодогу Олимпиадага аттанган улуттук кураманын капитаны. 
  • Учурдагы машыктыруучусу Пекин Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев айылдаш агасы болот.
  • Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

    Жаңылыктар түрмөгү
    0