БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Арсен Эралиев Риодогу Олимпиадада биринчи эле беттешинде утулуп калды. Анын атаандашы 2015-жылдын дүйнө чемпиону, кубалык Исмаэл Борреро Молина болду.
Эралиев алтын жана күмүш байге үчүн ат салышуусун токтотту. Эгер кубалык спортчу финалга чыкса, кыргызстандык балбан коло медаль үчүн таймаша алат.
Эске сала кетсек, учурда Кыргызстандын капчыгында бир гана коло медаль бар.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.
"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
Weiße Trikots sind bei Schnee eher eine mittelgute Idee. Beweisstück A: Basaksehir gegen Sivasspor. #SüperLig pic.twitter.com/MLGqL9HsBN
— Louis van Goal (@regionalkapital) January 16, 2021
Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
It was snowing in Istanbul during the Basaksehir - Sivasspor game and Sivasspor thought wearing white would be a good idea. Yes, there are actually two sides in this photo - look closely and Sivasspor players are there. 💆🏻♂️💆🏻♂️💆🏻♂️ pic.twitter.com/LBV1Zi14Fp
— Çetin Cem Yılmaz (@cetincem) January 16, 2021
"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1 менен бүткөн.
But I enlarged the picture a lot. Really nice story. Hihi.
— The moon and the stars 🇦🇹 (@themoonsayswhat) January 17, 2021
How did the game end? Who won? pic.twitter.com/NHsTpaf1BT
Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.