Борец греко-римского стиля из Кыргызстана Арсен Эралиев во время схватки за бронзовую медаль с соперником из Узбекистана

Жан үрөп таймашкан Арсен Эралиев өзбекстандык атаандашынан утулуп калды

739
(жаңыланган 15:17 15.08.2016)
Эралиевдин атаандашы өзбекстандык Элмурат Тасмурадов болду. Кармашта ал 8:13 эсебинде байгени алып кетти.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Балбан Арсен Эралиев Олимпиадада жанын үрөп таймашып, бирок, өзбекстандык атаандашынан утулуп, коло медалга жетпей калды. 

  • Балбан Арсен Эралиев Олимпиадада жанын үрөп таймашып, бирок, өзбекстандык атаандашынан утулуп, коло медалга жетпей калды
    Балбан Арсен Эралиев Олимпиадада жанын үрөп таймашып, бирок, өзбекстандык атаандашынан утулуп, коло медалга жетпей калды
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
  • Эралиевдин атаандашы өзбекстандык Элмурат Тасмурадов болду. Кармашта ал 8:13 эсебинде байгени алып кетти
    Эралиевдин атаандашы өзбекстандык Элмурат Тасмурадов болду. Кармашта ал 8:13 эсебинде байгени алып кетти
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
  • Ал буга чейин ал кытайлык Ван Луминди жооткотуучу беттеште жеңип, коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк жаралган
    Ал буга чейин ал кытайлык Ван Луминди жооткотуучу беттеште жеңип, коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк жаралган
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
  • Арсен Эралиевди кубалык спортчу Исмаэл Борреро Молина 1/8 финалдан жеңгенден кийин, жооткотуучу таймашка укук алган.
    Арсен Эралиевди кубалык спортчу Исмаэл Борреро Молина 1/8 финалдан жеңгенден кийин, жооткотуучу таймашка укук алган.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
1 / 4
© AFP 2021 / JACK GUEZ
Балбан Арсен Эралиев Олимпиадада жанын үрөп таймашып, бирок, өзбекстандык атаандашынан утулуп, коло медалга жетпей калды

Ал буга чейин ал кытайлык Ван Луминди жооткотуучу беттеште жеңип, коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк жаралган. 

© Кабыл Макешов
Балбан Эралиев Олимпиадада кытайлык атаандашын жеңди, эми коло медаль үчүн ат салышат

Эралиевдин атаандашы өзбекстандык Элмурат Тасмурадов болду. Кармашта ал 8:13 эсебинде байгени алып кетти.

Арсен Эралиевди кубалык спортчу Исмаэл Борреро Молина 1/8 финалдан жеңгенден кийин, жооткотуучу таймашка укук алган. 

Кыргызстандын куржунунда азырынча бир эле коло медаль бар. Аны оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алган.

Жекшембинин кечинде Эралиев алгачкы беттешке чыккан. Ал 59 кг. салмакка чейинки категорияда беттешип, атаандашы Исмаэл Борреро Молина болгон. Мекендешибиз чемпиондон6:3 эсебинде жеңилген.

739
Белгилер:
жеңилүү, таймаш, Арсен Эралиев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: балбан Арсен Эралиев коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду
Рио-2016: кыргызстандык жөө күлүктөр алдыңкы жүз спортчунун катарына кирди
Эркин күрөш боюнча мелдеш. Архив

Эркин күрөш. Өлкө биринчилигинде КРдин курама командасы аныкталат

55
Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасы аныкталат. Мыктылардын баары катышары айтылууда.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.

"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.

55
Белгилер:
курама команда, Мелис Турганбаев, чемпионат, эркин күрөш
Тема боюнча
Жоламан Шаршенбековдой эч качан багынбаш керек! UWW балбан тууралуу ролик даярдады
Түркиянын суперлигасынын Сивасспор командаларынын футболчулары. Архивдик сүрөт

Түркиялык команда "көрүнбөгөн" атаандаш менен футбол ойноду. Сүрөттөр

132
(жаңыланган 18:06 18.01.2021)
Беттешкен команданын бири ак түстөгү кийимчен чыккан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып оюнчулар көрүнбөй калган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.

​Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.

​"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1  менен бүткөн.

​Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.

132
Белгилер:
талкуу, социалдык тармак, окуя, Түс, ак, кар, Түркия, футбол
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Футбол академиясынын түзүүчүсү: боосун байлай албаган балдар да келип тыңып кетет
Футболчу Вальбуэнанын керемет пасы голго айланып, жеңишке жеткирди. Видео
Кары киши. Архивдик сүрөт

111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү

0
Крюгер өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Ошондой эле ал тамашаны жакшы көрөрүн жашырган эмес.

БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.

Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.

"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.

Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.

Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.

0
Белгилер:
аксакал, тамаша, тамактануу, Австралия, өмүр
Тема боюнча
Окумуштуулар дайыма жөө жүргөн адамдын өмүрү узак болорун далилдешти