Рио-2016: алтынга алмашкыс адамдык сапат. Чуркап кетүүнүн ордуна жардамга келген спортчу

© REUTERS / Kai PfaffenbachЛегкоатлетка из Новой Зеландии Никки Хамблин и американка Эбби Д'Агостино во время забега в 5 000 метров на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро
Легкоатлетка из Новой Зеландии Никки Хамблин и американка Эбби Д'Агостино во время забега в 5 000 метров на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чалынып кеткен спортчуга кол сунган жөө күлүк кыз финалга катышууга мүмкүнчүлүк алды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында 5000 метр аралыкта чуркоо боюнча эң акыркы келген эки жөө күлүк финалдык жарышка жолдомо алды. Бул тууралуу британиялык The Telegraph басылмасы жазып чыкты.

Жөө күлүктөр топ болуп чуркап келе жатканда Жаңы зеландиялык спортчу Никки Хамблин жыгылып кеткен… Артынан келе жаткан америкалык спортчу Эбби Д'Агостино ага чалынып, жыгылган.

Захваты и броски: видео схваток Тыныбековой и ее соперниц по Олимпиаде - Sputnik Кыргызстан
Кыл чайнашкан кармаштар: Айсулуу Тыныбекова менен беттеше турган балбандар видеодо
​Анткен менен ыкчамдык менен тура калган Эбби Д'Агостино чуркап кетпей, жатып калган Жаңы зеландиялык спортчуга жардамга келген. Экөөсү туруп жарышка түшөөр замат Эбби Д'Агостино кайра кулаган. Анткени спортчу биринчи жолу кулаганда бутун кокустатып алганы белгилүү болгон. Ошентип, эки спортчу бири-бирин жөлөп-таяп, марага эң акыркыларын болуп келишти.

Бул көрүнүштү кызыгуу менен байкап турган калыстар акыркы келген эки спортчуга тең финалдык жарышка чыгууга укук берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0