Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан коло медаль ала албай калды

© REUTERS / TORU HANAIБорец из Кыгызстана в вольном стиле Айсулуу Тыныбекова на олимпийских играх в Рио-Де-Жанейро
Борец из Кыгызстана в вольном стиле Айсулуу Тыныбекова на олимпийских играх в Рио-Де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендеш кызыбыз катар менен эки беттеште тең намыс бербей, бразилиялык жана финляндиялык эки спортчуну жеңип, үчүнчү беттеште россиялык атаандашына жеңилип калган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясы менен Айсулуу Тыныбекова Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарында атаандашы индиялык Сакши Маликке 8:5 эсебинде жеңишин алдырып жиберди. Алгач, үстөмдүк кылып бара жаткан Айсулуу, акыркы бир нече секундаларда абал аттандаштын пайдасына чечилип калды.

Азиянын чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттеште килемдин ээси бразилиялык Жойс Сильваны 11:8 эсебинде уткан. Ийгилик коштогон Айсулуу чейрек финалда атаандашы, дүйнөнүн вице-чемпиону, финляндиялык Петра Оллини 14:7 менен жеңип, жарым финалга чыкты. Бирок, жарым финалда упайын россиялык Валерия Кобловага алдырып  койду. 

© Фото / Кабыл МакешовКыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясы менен Айсулуу Тыныбекова Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарында атаандашы индиялык Сакши Маликке 8:5 эсебинде жеңишин алдырып жиберди
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясы менен Айсулуу Тыныбекова Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарында атаандашы индиялык Сакши Маликке 8:5 эсебинде жеңишин алдырып жиберди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясы менен Айсулуу Тыныбекова Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарында атаандашы индиялык Сакши Маликке 8:5 эсебинде жеңишин алдырып жиберди
© Фото / Кабыл МакешовАлгач, үстөмдүк кылып бара жаткан Айсулу, акыркы бир нече секундаларда жеңилип калды.
Алгач, үстөмдүк кылып бара жаткан Айсулу, акыркы бир нече секундаларда жеңилип калды. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алгач, үстөмдүк кылып бара жаткан Айсулу, акыркы бир нече секундаларда жеңилип калды.
© AFP / JACK GUEZ Айсулуу коло медаль үчүн беттеште атаандашы 8:5 эсебинде жеңилип калды
Айсулуу коло медаль үчүн беттеште атаандашы 8:5 эсебинде жеңилип калды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Айсулуу коло медаль үчүн беттеште атаандашы 8:5 эсебинде жеңилип калды
1/3
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 салмак категориясы менен Айсулуу Тыныбекова Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарында атаандашы индиялык Сакши Маликке 8:5 эсебинде жеңишин алдырып жиберди
2/3
Алгач, үстөмдүк кылып бара жаткан Айсулу, акыркы бир нече секундаларда жеңилип калды.
3/3
Айсулуу коло медаль үчүн беттеште атаандашы 8:5 эсебинде жеңилип калды

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Аялдын сырттаны Айсулуу: соцтармактын күйүүсү менен сүйүүсү
Айсулуу коло медаль үчүн беттеште, ошентип атаандашына 8:5 эсебинде жеңилип калды.

XXXI Олимпиада оюндарынан азырынча Кыргызстандын капчыгында бир эле коло медаль бар. Аны оор салмактагы спортчу Иззат Артыков алып келген. Ал эми Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдарынан бери алган бешинчи медалы.

Рио Олимпиадасына Кыргызстандан 19 спортчу аттанып кеткен. Алардын ичинен үчөө Олимпиада оюндарынын чоң таймашына катыша элек.

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0