ЖМК: Иззат Артыковдун медалы кимге тиери белгилүү болду

© AFP / GOH CHAI HINТяжелоатлет из Колумбии Луис Хавьер Москера Лозано на олимпийских играх в Рио
Тяжелоатлет из Колумбии Луис Хавьер Москера Лозано на олимпийских играх в Рио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга коло медаль алып келген оор атлетчи Иззат Артыков допинг менен кармалган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Канынан допинг табылып Олимпиададан четтетилген Иззат Артыковдун коло медалы жарышта төртүнчү орун алган колумбиялык спортчу Луис Хавьер Москера Лозанога берилет. Бул тууралуу британиялык The Guardian басылмасы жазып чыкты. 

Луис Хавьер Москера Лозано жалпысынан 338 килограмм көтөрүп, төртүнчү орунга ээ болгон. 

Тяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг. - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыков — Риодогу Олимпиадада допингдин айынан медалдан айрылган алгачкы спортчу
Эске сала кетсек, бейшемби күнү Спорттук арбитраждык сот (CAS) оор атлетчи Артыковду Рио Олимпиадасында ээ болгон коло медалынан ажыраткан. Ага допинг текшерүүнүн натыйжасында спортчунун канынан табылган стрихнин каражаты себеп болду.

Спортчу 69 килограммдык салмакка чейинки категорияда коло медалга татыган. Бул кыргызстандык команданын Риодогу жетишкен жалгыз ийгилиги болчу.

Учурда Иззат Артыков соттун чечимине эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары чыккан чечимдин үстүнөн даттанып, аппеляциялык арыз берүүгө укугу бар.

Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин каражаты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0