Футбол боюнча Кыргызстан-Казакстан беттешине билеттер сатыкка чыкты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБилет сатуу. Архив
Билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билеттерди саат 11:00дөн тарта 20:00гө чейин стадиондун кассасынан сатып алууга болот.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан — Казакстан беттешине билеттер бүгүн, ишемби күнү сатыкка чыкты. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Аталган беттеш 30-август күнү саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 

Билеттерди саат 11:00дөн тарта 20:00гө чейин стадиондун кассасынан сатып алууга болот. Анын баасы 200 сомдон 500 сомго чейин деп бааланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0