Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Айаал Лазарев. Архив

Айаал Лазарев "Олимпиадада жаман күрөшкөндүгү" үчүн кечирим сурады

240
(жаңыланган 18:12 21.08.2016)
Лазарев биринчи эле кармашында 1/8 финалда каршылашы Роберт Баранга 5:1 эсебинде утулган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Риого барып, утулуп калган Айаал Лазарев Олимпиададагы күрөшү үчүн Instagram баракчасында кечирим сурады.

Лазарев биринчи эле кармашында 1/8 финалда каршылашы Роберт Баранга 5:1 эсебинде утулган. Роберт Баранды чейрек финалда 3:1 эсеби менен америкалык спортчу Тервел Длагнев жеңип кеткен.

"Мага ишеним артып жана мени сүрөгөндөрдүн бардыгынан жаман күрөшкөндүгүм үчүн кечирим сурайм. Мага айтылган сын-пикирлер орундуу, ал эми дагы деле ишенич арткандарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бул беттешке көпкө даярданып, бардык дитимди коюп, көптөгөн жаракаттар аркылуу келген элем",— деп жазган Лазарев.

Анын айтымында, спортко жаңы келген бала сымал күрөшүп, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн 10 пайызын да көрсөтө алган эмес.

"Эмнеден жаңылганымды билбей турам, алар албетте көп. Баарына өзүм гана күнөөлүүмүн. Эми мен бул жеңилүү ызасы менен көпкө жашашым керек. Машыктыруучумдун, жакындарымдын жана элимдин ишенимин актай алган жокмун",— деп жазган ал.

Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло тагынган. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылды деген кине коюлуп, өлкө жалгыз медалынан кол жууган.

Азыркы эсеп менен алганда Кыргызстан Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиада оюндарынан бир дагы медалга жетпей калды.

Кыргызстан эми марафончу Илья Тяпкин менен балбан Магомед Мусаевден үмүт артып турат.

240
Белгилер:
кечирим, күрөш, спортчу, олимпиада
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Риодогу олимпиаданын жабылышында КР туусун Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт
Рио-2016: Айаал Лазарев биринчи кармашында утулду, бирок колодон үмүт бар
Рио-2016: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду
Акча сунуп жаткан адам. Архив

Спорт агенттиги коррупцияга каршы челлендж өткөрөт

55
Соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн "биз коррупцияга каршыбыз, токто" деп айта турчу күн келди. Демилге коомдо коррупциялык көрүнүштөргө терс мамилени калыптандыруу максатында көтөрүлдү", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, бул челленджге бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт. Челлендж 10-декабрга чейин уланат.

Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнү белгиленип келерин кошумчалады.

55
Белгилер:
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, социалдык тармак, коррупция
Тема боюнча
Кыялдарды талкалайт! Спорт агенттиги коррупцияга каршы видеоролик чыгарды
Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив

Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды

2957
(жаңыланган 19:55 04.12.2020)
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлдү. Кыргызстандык балбан кыз 293 миңдей добуштун теңинен көбүн алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу.

"Биз менен кошо Айсулуу Тыныбекованы куттуктаңыз. UWW уюмунун "Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз" жарышында жеңүүчү болду. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алды", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон. 

2957
Белгилер:
күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Стамбулда Дүйнө кубогуна даярданышууда
Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен