Чуркоо марафону боюнча жарышка чыгатуран кыргызстандык Илья Тяпкин. Архив

Рио-2016: Бүгүн жарыша турган жеңил атлетчи Илья Тяпкин тууралуу 5 факты

260
(жаңыланган 15:33 21.08.2016)
Илья Тяпкин Олимпиадалык оюндарда чуркоо боюнча марафонго катышат. 42 чакырым 195 метр аралыкка 155 спортчу чуркайт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндардын акыркы күнү. Чуркоо марафону боюнча жарышка Кыргызстандын атынан Илья Тяпкин катышат.

Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан 19 спортчу жөнөп кеткен. Алардын экөө таймашка бүгүн чыгат. 

Участник Олимпиады-2016, 25-летний кыргызстанский легкоатлет Илья Тяпкин. Архивное фото
© Фото / Сагын Аильчиев
Кыргызстандык марафончу Илья Тяпкин

Sputnik Кыргызстан Илья Тяпкин тууралуу беш фактыны сунуштайт.

Кара-Балтада туулган. Илья Тяпкин Кара-Балта шаарында 1991-жылдын 2-августунда төрөлгөн.

18 жашында марафончу болгон.

Кумири — Бернард Лагат. Спортчу чуркоо боюнча рекорд жараткан америкалык жөө күлүк Бернард Лагатты кумир тутуп, аны менен селфи жасоону кыялданат. 

Эки диплому бар. Дене тарбия институту менен Мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.

Өтүнүч менен өткөн. Прагада өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу үчүн 19 секунд жетпей калган. Бирок Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитети менен Жеңил атлетика боюнча федерациясы Эл аралык жеңил атлетика федерациясына кайрылуу жасап, өтүнүч жолдогондон кийин ага лицензия ыйгарылган. 

260
Белгилер:
чуркоо, олимпиада, марафон
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Балбандардын күйүктүргөн күрөшү: Мусаев жана анын атаандаштарынын ыкмалары
Айаал Лазарев "Олимпиадада жаман күрөшкөндүгү" үчүн кечирим сурады

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

134
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

134
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Балбандар күрөш убагында. Архивдик сүрөт

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме

49
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.

Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:

  • Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
  • Калы Сулайманов – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Руслан Царев – 72 кг;
  • Акжол Махмудов – 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
  • Атабек Азизбеков – 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков – 97;
  • Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча команданын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Ислам Орозбеков – 70 кг;
  • Саякбай Усупов – 74 кг;
  • Арслан Будажапов – 79 кг;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
  • Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

49
Белгилер:
мелдеш, спорт, тизме, балбан, күрөш
Тема боюнча
Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат
Вид на перевал Тоо-Ашуу на автодороге Бишкек-Ош

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

0
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

0
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү