Борец вольного стиля из Кыргызстана Магомед Мусаев, выступавший в весовой категории до 97 килограммов на Олимпиаде в Рио-де-Жанейро, победил соперника в 1/8 финала и прошел в четверть финала.

Рио-2016: КР балбаны Мусаев биринчи кармашта атаандашын жеңип, 1/4 финалга өттү

1427
(жаңыланган 20:02 21.08.2016)
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Мусаев биринчи беттешинде монголиялык Худербуглага каршы турду.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды. 

© Кабыл Макешов
Рио-2016: КР балбаны Мусаев биринчи кармашта атаандашын жеңип, 1/4 финалга өттү

97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финал үчүн ат салышат. 

  • Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды.
    Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды.
    © Фото / Кабыл Макешов
  • 97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финалда кармашат.
    97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финалда кармашат.
    © Фото / Кабыл Макешов
  • Монголиялык балбан Доржханд Худербугла Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар.
    Монголиялык балбан Доржханд Худербугла Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар.
    © Фото / Кабыл Макешов
1 / 3
© Фото / Кабыл Макешов
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды.

Анын эмдиги атаандашы украиналык Валерий Андрейцев болмокчу.

Кыргызстандык спортчуга күйөрмандык кылгандардын ичинен мурдагы Ички иштер министри, КРдин Эркин күрөш боюнча федерациясынын президенти Мелис Турганбаев да бар. Ал маалыматтарга караганда, спортчуну 2010-жылы КРдин курама командасына кирүүгө чакырган.  

Монголиялык балбан Доржханд Худербугланын Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло тагынган. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылып, өлкө жалгыз медалынан кол жууган.

Балбан Магомед Мусаев тууралуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

1427
Белгилер:
эркин күрөш, балбан, спорт, Магомед Мусаев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: бүгүн беттешке чыкчу Магомед Мусаев тууралуу 5 факты
Балбандардын күйүктүргөн күрөшү: Мусаев жана анын атаандаштарынын ыкмалары
Рио-2016: КРдин акыркы үмүтү Мусаев чейрек финалда монгол спортчусу менен кармашат
Мадриддик Реал клубунун капитаны Серхио Рамос. Архив

Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

87
(жаңыланган 10:01 03.12.2020)
34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, алдына билдирүү жазган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Футболчу мушкерге өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кайрылган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sergio Ramos (@sergioramos)

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, астына билдирүү калтырган.

"Конор, качан даяр болосуң?" — деген футболчу.

Өз кезегинде мушкер бул чакырыкка кечиктирбей жооп кайтарган.

"Даяр бол, менин досум! Алдыда чоң беттеш турат", — деп футболчунун постунун астына билдирүү калтырган Конор.

Эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор 23-январда UFC 257 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. 32 жаштагы ирландиялык мушкерге америкалык Дастин Порье атаандаш болот.

Рамос буга чейин машыгууда гол киргизип, Макгрегордун басканын туурап майрамдап, мушкерге кайрылган.

Өз кезегинде мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан киргизген голун жарыялап, футболчуга жооп кылган. Рамос Макгрегорду "Реал" клубунун машыгуусуна чакырган болчу.

87
Белгилер:
чакырык, Конор Макгрегор, UFC, футбол
Тема боюнча
UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду
Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд. Архив

Чык рингге! Кулагын тиштеткен Холифилд атаандашы Тайсонго чакырык таштады

102
Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд бокстагы эзелки атаандаштардан. Алардын 1997-жылдагы кармашы дүйнө элинин спортту сүйгөн катмарынын эсинде калган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд элдин көзүнчө абалкы атаандашы, оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсонго беттешүү чакырыгын таштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал беттешти уландысы менен өткөрүүнү белгилеп кеткен.

Лос-Анжелесте 54 жаштагы Тайсон башка мушкер, 51 жаштагы ардагер спортчу Рой Жонс менен беттешип, тең чыккан.

Тайсон маектеринин биринде Холифилд менен бир кармашсам деген ниетин айткан эле.

"Мен тарап беттеш өткөрүүгө аракеттенип, бирок ар кыл шылтоодон бөлөк эч нерсе ала алган эмес. Мени менен бокска чыгуудан мурда эмне үчүн беттешке аттангандыгын эми түшүнүп турам. Майк үчүн Рой Жонс жакшы атаандаш болду. Ал эми мени менен кармаш чоң окуя болот. Кимдир бирөөлөр көргүсү келген бирден-бир кармаш — экөөбүздүн ортобуздагы беттешүү. Экөөбүз бокска чыкпай койгонго эч кандай себеп жок. Эми актанбашыбыз керек. Тайсон, ишемби күнү кечинде мени менен кармашканга даяр экениңди айттың, анда келишимге кол кой да рингге чык. Дүйнө күтүп жатат, эми баары сага гана байланыштуу. Мен даярмын", — деген Холифилд.

Спортчунун бул айткандарын mmafighting.com жазды.

Тайсон менен Холифилд рингде эки ирет кездешкен. Ал эми 1997-жылдагы беттеште Холифилддин кулагын тиштеп алганы үчүн Тайсон кармаштан четтетилген болчу.

102
Белгилер:
чакырык, ринг, бокс, кармаш, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон акулалар менен кармашканда. Шоунун видеосу

Финпол 250 миң сом пара берген адамды кармады. Кабинеттен тартылган видео

0
(жаңыланган 12:59 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда кайсы кызматкерге бергени айтылган эмес.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси (пара берүү) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

0
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды