Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашкан Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калды.

Рио-2016: Могамед Мусаев чейрек финалда атаандашынан утулду, коло медалга үмүт бар

234
(жаңыланган 20:50 21.08.2016)
Буга чейин кыргызстандын намысын талашкан спортчу Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы жеңип алган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашкан Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калды. 

  • Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашкан Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калды.
    Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашкан Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калды.
    © REUTERS / Toshifumi KITAMURA
  • Буга чейин чейрек финалга чыгыш үчүн спортчу Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңген эле.
    Буга чейин чейрек финалга чыгыш үчүн спортчу Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңген эле.
    © REUTERS / Toru Hanai
  • Эгерде Валерий Андрейцев финалга чыга турган болсо, биздин спортчу Мусаев жооткотуучу беттешке чыгууга укук алып, коло медаль үчүн күрөшөт.
    Эгерде Валерий Андрейцев финалга чыга турган болсо, биздин спортчу Мусаев жооткотуучу беттешке чыгууга укук алып, коло медаль үчүн күрөшөт.
    © Фото / Кабыл Макешов
1 / 3
© REUTERS / Toshifumi KITAMURA
Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашкан Магомед Мусаев украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин чейрек финалга чыгыш үчүн спортчу Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңген эле.

Эгерде Валерий Андрейцев финалга чыга турган болсо, биздин спортчу Мусаев жооткотуучу беттешке чыгууга укук алып, коло медаль үчүн күрөшөт.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн таймашууда Магомед Мусаев жеңилүү ызасын тартып, украналык атаандашы Валерий Андрейцев 5:2 эсебинде артыкчылык кылып кетти.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен азырынча Кыргызстандын байге капчыгында бир дагы медаль жок.

234
Белгилер:
эркин күрөш, балбан, спорт, Магомед Мусаев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: КР балбаны Мусаев биринчи кармашта атаандашын жеңип, 1/4 финалга өттү
Балбандардын күйүктүргөн күрөшү: Мусаев жана анын атаандаштарынын ыкмалары

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

163
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

163
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Балбандар күрөш убагында. Архивдик сүрөт

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме

50
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.

Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:

  • Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
  • Калы Сулайманов – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Руслан Царев – 72 кг;
  • Акжол Махмудов – 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
  • Атабек Азизбеков – 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков – 97;
  • Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча команданын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Ислам Орозбеков – 70 кг;
  • Саякбай Усупов – 74 кг;
  • Арслан Будажапов – 79 кг;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
  • Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

50
Белгилер:
мелдеш, спорт, тизме, балбан, күрөш
Тема боюнча
Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

0
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

0
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү