Украиналык Валерий Андрейцев жана азербайжандык Хетаг Газюмов

Рио-2016: Кыргызстанга медаль буюрбады, Мусаев да колодон кол жууду

390
(жаңыланган 15:57 22.08.2016)
Кыргызстандык балбан эгерде аны чейрек финалда жеңип кеткен атаандашы финалга чыкса, коло медаль үчүн күрөшмөк.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада чейрек финал үчүн эркин күрөш боюнча таймашкан Магомед Мусаев коло медаль үчүн күрөшө албайт, ал эми Кыргызстанга аталган оюндардан медаль буюрган жок.

Буга чейин чейрек финалга чыгыш үчүн спортчу Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңген эле. Ал эми чейрек финалда украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 эсебинде утулуп калган

Кыргызстандык балбанды чейрек финалда жеңип кеткен атаандашы финалга чыкса, Мусаевдин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жаралмак. А бирок, жарым финалда Андрейцев азербайжандык Хетаг Газюмовго 11:0 эсебинде жеңилди. Ошентип, кыргызстандык спортчуга коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен азырынча Кыргызстандын байге капчыгында бир дагы медаль жок.

390
Белгилер:
эркин күрөш, балбан, спорт, Магомед Мусаев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: КР балбаны Мусаев биринчи кармашта атаандашын жеңип, 1/4 финалга өттү
Мадриддик Реал клубунун капитаны Серхио Рамос. Архив

Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

83
(жаңыланган 10:01 03.12.2020)
34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, алдына билдирүү жазган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Футболчу мушкерге өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кайрылган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sergio Ramos (@sergioramos)

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, астына билдирүү калтырган.

"Конор, качан даяр болосуң?" — деген футболчу.

Өз кезегинде мушкер бул чакырыкка кечиктирбей жооп кайтарган.

"Даяр бол, менин досум! Алдыда чоң беттеш турат", — деп футболчунун постунун астына билдирүү калтырган Конор.

Эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор 23-январда UFC 257 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. 32 жаштагы ирландиялык мушкерге америкалык Дастин Порье атаандаш болот.

Рамос буга чейин машыгууда гол киргизип, Макгрегордун басканын туурап майрамдап, мушкерге кайрылган.

Өз кезегинде мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан киргизген голун жарыялап, футболчуга жооп кылган. Рамос Макгрегорду "Реал" клубунун машыгуусуна чакырган болчу.

83
Белгилер:
чакырык, Конор Макгрегор, UFC, футбол
Тема боюнча
UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду
Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд. Архив

Чык рингге! Кулагын тиштеткен Холифилд атаандашы Тайсонго чакырык таштады

96
Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд бокстагы эзелки атаандаштардан. Алардын 1997-жылдагы кармашы дүйнө элинин спортту сүйгөн катмарынын эсинде калган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бокс боюнча оор салмактагы жана биринчи оор салмактагы мурунку чемпион 58 жаштагы Эвандер Холифилд элдин көзүнчө абалкы атаандашы, оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсонго беттешүү чакырыгын таштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал беттешти уландысы менен өткөрүүнү белгилеп кеткен.

Лос-Анжелесте 54 жаштагы Тайсон башка мушкер, 51 жаштагы ардагер спортчу Рой Жонс менен беттешип, тең чыккан.

Тайсон маектеринин биринде Холифилд менен бир кармашсам деген ниетин айткан эле.

"Мен тарап беттеш өткөрүүгө аракеттенип, бирок ар кыл шылтоодон бөлөк эч нерсе ала алган эмес. Мени менен бокска чыгуудан мурда эмне үчүн беттешке аттангандыгын эми түшүнүп турам. Майк үчүн Рой Жонс жакшы атаандаш болду. Ал эми мени менен кармаш чоң окуя болот. Кимдир бирөөлөр көргүсү келген бирден-бир кармаш — экөөбүздүн ортобуздагы беттешүү. Экөөбүз бокска чыкпай койгонго эч кандай себеп жок. Эми актанбашыбыз керек. Тайсон, ишемби күнү кечинде мени менен кармашканга даяр экениңди айттың, анда келишимге кол кой да рингге чык. Дүйнө күтүп жатат, эми баары сага гана байланыштуу. Мен даярмын", — деген Холифилд.

Спортчунун бул айткандарын mmafighting.com жазды.

Тайсон менен Холифилд рингде эки ирет кездешкен. Ал эми 1997-жылдагы беттеште Холифилддин кулагын тиштеп алганы үчүн Тайсон кармаштан четтетилген болчу.

96
Белгилер:
чакырык, ринг, бокс, кармаш, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон акулалар менен кармашканда. Шоунун видеосу
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

0
(жаңыланган 12:37 03.12.2020)
Маалыматка караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бейтаптын коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетине чалдыгып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактары билдирди.

Ага караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
ден соолук, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты