Олимпиадалык оюндарындагы марафон

Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды

100
(жаңыланган 15:56 22.08.2016)
Алтын медаль алган спортчудан кыргызстандык Илья Тяпкин 14 мүнөт 25 секунд артта келген.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарындагы марафонго Кыргызстандын атынан катышкан жөө күлүк Илья Тяпкин алыстыкка чуркоодо 86-болуп келди. Бул туурасында XXXI Олимпиада оюндарынын сайтында маалымдалды.

42 чакырым 195 метр аралыкка 155 спортчу чуркаса, алардын 15и марага жетпей жолдон кала берди.

Биринчи орунду 2 саат 8 мүнөт 44 секунда ичинде чуркап келип, кениялык Элиуд Кипчоге аттуу жөө күлүк алды. Ал эми алтын медаль алган спортчудан кыргызстандык Илья Тяпкин 14 мүнөт 25 секунд артта келген. Анын ылдамдыгы 2 саат 23 мүнөт 19 секунданы түзгөн.

Алтын медалды кениялык алып, андан сырткары Фейиса Лелиса (Нигерия) жана америкалык Гален Рапп байгеге илинди. Алар чемпиондон 1 мүнөт 10 секундага жана 1 мүнөт 21 секундага кечирээк келишти.

Бүгүн Олимпиада оюндарынын соңку күнүндө кыргызстандыктар эки спортчусу – балбан Магомед Мусаев менен жөө күлүк Илья Тяпкинден үмүт артып турганы менен алар медаль алып бере алышкан жок.

XXXI олимпиадалык оюндарда ошентип Кыргызстан медалга ээ болгон жок. Оор атлет Иззат Артыковдун алып келген коло медалын спортчу кызытма колдонду деген кине менен Спорттук арбитраждык сот башка балбанга алып берип койду.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу аттанган.

100
Белгилер:
жөө күлүк, олимпиада, марафон, медаль
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: Кыргызстанга медаль буюрбады, Мусаев да колодон кол жууду
Рио-2016: Бүгүн жарыша турган жеңил атлетчи Илья Тяпкин тууралуу 5 факты

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

155
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

155
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Балбандар күрөш убагында. Архивдик сүрөт

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катышчу балбандар. Тизме

49
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.

Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.

Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:

  • Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
  • Калы Сулайманов – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Руслан Царев – 72 кг;
  • Акжол Махмудов – 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
  • Атабек Азизбеков – 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков – 97;
  • Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча команданын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Ислам Орозбеков – 70 кг;
  • Саякбай Усупов – 74 кг;
  • Арслан Будажапов – 79 кг;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
  • Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.

49
Белгилер:
мелдеш, спорт, тизме, балбан, күрөш
Тема боюнча
Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

0
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

0
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү