Мамагенттик: Кенжеев менен Лазарев курама командадан чыгарылат

© Sputnik / Бакыт ТолкановЖаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт башкармалыгында өзгөрүүлөр болуп, аталган жаатты өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыгат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын курамы өзгөрө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, быйылкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барып, бирок анын бири да медалга татыган эмес. 

"Дзюдочулар Отар Бетаев менен Юрий Краковецкий, жөө күлүк Дарья Маслова жана балбан Айсулуу Тыныбекова кийинки Оюндарга катышып, медаль алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Арсен Эралиев учурда ойлонуп жатат, бирок анын жаш курагы буга жолтоо болушу мүмкүн. Кенжеев спорттогу ишмердүүлүгүн токтотот, калган балдар-кыздар жаш. Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев команданын курамынан чыгарылат", — деди Аманкулов. 

Анын айтымында, Күрөш федерациясы менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин легионерлер эмес, жергиликтүү спортчуларды колдоо чечими кабыл алынган.

"Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчуларыбыздан уучубуз кур эмес", — деди жетекчи.

Аманкулов спортту өнүктүрүү үчүн концепция иштелип чыгарын айтты.

"Өзгөртүүлөрдү баскыч-баскыч менен киргизүү керек, айыл өкмөттөрдөн баштайбыз. Бүгүнкү дене тарбия жана спортту башкаруу структурасы заман талабына жооп бербейт. Башка өлкөлөр менен атаандашууга чамабыз чак болуп жатат", — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, мамлекеттик агенттиктин жетекчиси спортту өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыгып, ал команданын курамын жаңы кадрлар менен толуктап турууга шарт түзөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0