Футбол: Бишкектеги жардыруу Кыргызстан — Казакстан беттешине таасир бербейт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол стадионундагы адам. Архив
Футбол стадионундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Укук коргоо органдары жардырууну жан кечти жасаганын айтышууда.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстан — Казакстан курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттеши Бишкектеги жарылууга карабастан өтө турганын КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кытай элчилигинде болгон жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири
Шейшемби күнү эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Жан кечти автоунаа менен элчиликтин имаратынын дарбазасын сүзүп, жарылып кеткенин вице-премьер Жеңиш Разаков маалымдады. 

Футбол федерациясы беттеш токтотулбаганын жана укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп жатканын билдиришти. Милиция стадиондун аймагын тыкыр көзөмөлгө алат.

Оюн бүгүн саат 20.00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0