Филиппин командасы менен болгон оюндан кийин команданын капитаны кетет

Жазылуу
Курама команда чыгаан оюнчу издеп жатат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 6-сентябрь күнү улуттук курама команданын капитанын узатуу аземи өтө турганын башкы машыктыруучу Александр Крестинин Кыргызстан — Казакстан оюнунан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Бүгүн болгон беттешүү 2:0 эсебинде кыргызстандык футболчулардын жеңиши менен аяктады. Машыктыруучуга капитандын белгисин Азамат Байматов эмес, Валерий Кичин алып жүргөнү тууралуу суроолор берилди. 

"Негизи команданын капитаны — Талант Самсалиев. 6-сентябрда филиппиндик команда менен ойногондон кийин аны узатабыз. Ал мындай сыйга татыктуу. Валерий менен Азамат — вице-капитандар", — деди машыктыруучу. 

Анын айтымында, учурда команда чыгаан оюнчу издеп жатат. Филиппин командасы менен беттешүүдө да капитандык белгини Валерий Кичин алып жүрөт.

Кыргызстан — Казакстан беттешиндеги ирмемдерди Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түмөктөн көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0