Грек-Рим күрөшү. Архив

Кыргызстандык балбан Францияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду

520
(жаңыланган 13:02 31.08.2016)
Ал финалдык беттеште немис балбаны менен күч сынашкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов Францияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ал юниорлор арасында 60 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Сулайманов финалдык беттеште немис балбаны Эттьен Кинсингер менен чыгып, аны 2:1 эсебинде утуп алган. 

Мелдеш Франциянын Макон шаарында өткөн.

520
Белгилер:
мелдеш, күрөш, Кыргызстан, Франция
Тема боюнча
Кыргызстан — Казакстан оюну 2:0 эсебинде улуттук команданын жеңиши менен аяктады
Мамагенттик: Кенжеев менен Лазарев курама командадан чыгарылат
Пикирлер