Президент Атамбаев Кыргызстан футболчуларынын жеңишине кубанды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасынын футболчулары Казакстан командасы менен беттеш учурунда
Кыргызстан курама командасынын футболчулары Казакстан командасы менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик футболчулар кечээ күнү Бишкекте өткөн казактар менен беттеште жеңишке жетишишти.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз футболчуларынын жеңишине ыраазычылык билдиргендиги тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов соцтармак аркылуу билдирди. 

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Көптөн күткөн жеңиш. Кыргызстан — Казакстан беттешиндеги ирмемдер
Кыргыз-казак достук оюну кечээ күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Кыргызстандык футболчулар каршылаштарынын дарбазасына эки гол киргизүү менен 2:0 эсебинде жеңишке жетишишти. Эсепти Валерий Кичин ачып, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди. 

Усеновдун айтымында, президент футболду көрүп, Кыргызстан курама тобу үчүн жан үрөгөн. 

"Кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөтүштү. Курама топтун жеңиши элдин маанайын көтөрүп, сүйүнүч тартуулады", — деп белгиледи өлкө башчы. 

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын курама тобу филиппиндиктер менен Бишкекте достук оюнун көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0