Таластын улакчылары. Архив

Таластын улакчылары көк бөрү боюнча президенттин кубогун илип кетти

237
(жаңыланган 16:46 31.08.2016)
Оюн Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтүп, финалдык беттеште Талас менен Оштун командалары таймашты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештин финалында Таластын командасы жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду.

Эскерте кетсек, аталган дубандын улакчылары Оштун "Достук" командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды.

Үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Чүйдүн "Сары Өзөн" менен "Арашан" командалары беттешип, сары-өзөндүктөр коло байгеге ээ болду.

Мында 1-орун алгандар 1 000 000 сом, экинчиге татыгандар 500 миң, ал эми үчүнчү орунду алгандар 250 миң сом менен сыйланышты.

Көк бөрү боюнча турнир Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтөт.

Белгилейт кетсек, былтыркы башкы байгеге да Таластын командасы ээ болгон.

Кыргызстандын булуң-бурчу эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын кантип белгиленгенин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

237
Белгилер:
таймаш, кубок, Көк бөрү, Талас
Тема:
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө (43)
Тема боюнча
Чет жакта Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы кандай майрамдалууда?
Кыргызстандын булуң-бурчу эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын кантип белгиледи
Сапка тизилген жоокерлер жана аскер техникасы: Ала-Тоо аянтындагы майрамдан сүртүмдөр
Пикирлер