Кыргызстан — Филиппин оюнун дүйнөнүн эң мыкты калысы тейлейт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрбитр. Архив
Арбитр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдоштук беттешүү келерки шейшемби күнү Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандык арбитр Равшан Ирматов Кыргызстан — Филиппин оюнун тейлей тургандыгын КР Футбол федерациясынан кабарлашты.

Футболисты тренируются перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат
Жолдоштук беттешүү 6-сентябрда саат 20.30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 

Ирматовго анын асситенттери Абдухамидулло Расулов менен Жахангир Саидов жардам берет.

Равшан Ирматов FIFA категориясындагы рефери болуп эсептелет. Ал 2010 жана 2014-жылдары өткөн Дүйнө чемпионаттарында футбол беттештерин тейлеген. Мындан тышкары, 2012-жылы Олимпиадалык оюндарда, Азия кубоктору менен дүйнө чемпионаттарында кызмат көрсөткөн. Ирматов 2015-жылы эң мыкты рефери аталып Globe Soccer Awards сыйлыгына ээ болгон. 38 жаштагы арбитр дүйнөлүк чемпионаттарды тейлөө боюнча рекорд жараткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0