Көчмөндөр оюну: КРдин тогуз коргол боюнча командасы кийинки айлампага өттү

Жазылуу
Тогуз коргол боюнча таймашка 52 спортчу катышып жатат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл облусунда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү тогуз коргол жана мангала оюндары боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы болду.

Унаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна баргандар унаасын кайда токтотот?
Таймашка жалпы жонунан 22 мамлекеттен 63 спортчу катышууда. Анын 52си, — тогуз коргол, 11и — мангала боюнча ат салышкан спортчулар. 

Кыргызстандын курама командасы биринчи айлампаны ийгиликтүү аяктап, экинчисине өттү.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн кечинде, саат 20.30да болот. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу оюндардын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0