Көчмөндөр оюндары: бүгүн көк бөрү, тогуз коргоол, ордо таяк тартыш оюндары өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастник соревнований по таяк тартышу (мac-рестлингу). Архивное фото
Участник соревнований по таяк тартышу (мac-рестлингу). Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн көк бөрү, тогуз коргоол, ордо таяк тартыш оюндары өтүүдө.

Маалыматка ылайык, көк бөрү оюну саат 9:00дөн тарта ат майданда башталган. Таяк тартыш оюнунун финалы да саат 12:00гө чейин чыгарылат.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 5D шоусу менен коштолду - Sputnik Кыргызстан
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 5D шоусу менен коштолду
Саат 12:00дөн 18:00гө чейин казак күрөшү өтөт. Ошондой эле 18:00гө чейин тогуз коргоол оюну болот. Ал эми Көгүлтүр Ысык-Көл пансионатында ордо оюну өтүүдө.

Саат 15:00дөн 18:00гө чейин Кырчын жайлоосунда Салбурун (буркут салуу, далба ойнотуу) өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. 3-сентябрда Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болду. Быйыл бул мелдешке 62 мамлекеттен спортчулар келген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0