Көчмөндөр оюну: экинчи күндүн жыйынтыгы менен Кыргызстан 4-орунга түшүп калды

Жазылуу
Россия башталгандан бери сап башында келе жатат.

ЧОЛПОН-АТА, 5-сен. — Sputnik. II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 4-орунга түшүп калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

Эске сала кетсек, кечээ күнү Кыргызстан 3-орунда болчу.

Бүгүн, 5-сентябрда Көчмөндөр оюндарынын спорттук беттештери уланып, гореш, гюлеш, бүркүт салуу жана далба ойнотуу боюнча финалдык оюндар өттү.

Мындан сырткары, спорттун көк бөрү, ордо, тогуз коргол жана мангала түрлөрү боюнча тайпалык оюндар болду. 

Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча тизме:

  • Россия — 10 алтын, 2 күмүш, 1 коло;
  • Казакстан — 4 алтын, 2 күмүш, 2 коло; 
  • Грузия — 2 алтын, 1 күмүш; 
  • Кыргызстан — 1 алтын, 3 күмүш, 10 коло; 
  • Азербайжан — 2 күмүш, 4 коло; 
  • Армения — 2 күмүш, 1 коло;

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0