Россиялык чабандес кыз: ат чабышта бактыбызды күлүктөр чечет

© Sputnik / Исмаил МамытовРоссиялык чабандес Елизаветта Минина
Россиялык чабандес Елизаветта Минина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Елизавета Минина Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Көчмөндөр оюнуна келип, Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан ат чабышка катышып жатат.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. Ат чабышта бактыбызды күлүктөр чечет. Мындай пикирин мелдешке катышып жаткан россиялык чабандес Елизаветта Минина билдирди. 

Эске сала кетсек, ушул тапта Кырчын жайлоосунда арылыгы 80 чакырымга созулган ат чабыш өтүүдө. Ага үч өлкөдөн келген 23 чабандес катышып жатат. Алдардын төртөө — кыздар.

"Катышуучулардын баары күчтүү. Андыктан азырынча ким жеңе турганын айтуу кыйын. Эгерде күлүгүмө күч-кубат берсе байгелүү орунга жетебиз деген үмүт бар", — деди Минина.

Ат чабыш боюнча спортчу - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: Кырчын жайлоосунда ат чабыш башталды
Спортчу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи чоң салтанат менен өткөнүн, шоу программа абдан чоң таасир бергенин кошумчалады.

Эл аралык оюндар 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0