Көк бөрүнүн баш байгеси үчүн кыргыз жана казак улакчылары ат салышат

Жазылуу
Коло медаль үчүн Кытай менен Башкыртстандын командалары күч сынашмай болду.

ЧОЛПОН-АТА, 6-сен. — Sputnik. 8-сентябрда Кыргызстан жана Казакстан курама командалары көк бөрү боюнча финалдык оюнда беттеше турганын ДКО катчылыгы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрь күнү Чолпон-Атадагы ипподромдо көк бөрү боюнча тайпалык этап жыйынтыкталды.

"Мында А тайпасында биринчи орунду Казакстандын курама командасы алды. Экинчи орунду кытай курама командасы багындырды. В тайпасында биринчи орунду Кыргызстан курама командасы ээледи", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми эртең, 7-сентябрда А жана В тайпаларында экинчи орунду алган кытай менен башкыртстан командалары үчүнчү орун үчүн беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0