ЧОЛПОН-АТА, 7-сен. — Sputnik. Бразилиялык спортчу Кейла Сиувва Көчмөндөр оюндарында кандай гана болбосун, алтын медаль ала турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, ал Гойяне шаарынан келип, алыш боюнча күч сынашууда.
"Мен бразилиялык курама команданын резервдик курамындамын. Алтын алуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Мен да алтын тагынган көчмөн кыз болгум келет", — деди спортчу.
Сиувва Көчмөндөр оюнуна күчтүү спортчулар чогулганын белгилеп, техникалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп алуу үчүн кыргыз жана орус балбандардын мелдешин өтө кылдаттык менен карап отурганын айтты.
"Кыргызстанга биринчи жолу келдим, мага аябай жакты. Тамак-ашы башкача экен, ашказаныма оор эле болду. Бирок адамдар аябай меймандос, ачык экен", — деди чет элдик мейман.
Сиувва мындай мелдештер дүйнөлүк спортчулардын башын бириктирип, ар кыл маданият менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.
Ушул күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда жыйынтыкталат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.