ДКО: кыска аралыктагы жарышта казакстандык күлүк биринчи келди

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми аргымактын чабандеси Оюндарга кышы менен катуу даярданганын айтып берди.

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында өткөн түздөктөгү ат чабыш боюнча биринчи орунду казакстандык күлүк алды. 1 мүнөт 44 секундда келген аргымак Петр Карабельниковго таандык болсо, жарышта Эдил Хусейинов чаап, мыкты аталды.

© Sputnik / Исмаил МамытовКазакстандык чабандес Эдил Хусейинов
Казакстандык чабандес Эдил Хусейинов - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык чабандес Эдил Хусейинов

Экинчи орунду Польшадан келген күлүк ээлесе, үчүнчү орунду Кыргызстандын "Капаган" аттуу аргымагы алды. 

Казакстандык чабандес Көчмөндөр оюнуна кышы менен катуу даярдык көргөнүн айтты.

"Даярдык катуу болду. Ансыз байге утуу мүмкүн эмес. Мээнетим кайтып биринчи орунду алып отурам. Абдан кубанычтамын. Буга чейинда бир канча байгелерди жеңип жүргөм", — деди Хусейинов.

Кыргызстан менен Кытай командаларынын Жирит оюну боюнча беттеши - Sputnik Кыргызстан
Төрт күндө 18 алтын медаль алган Кыргызстан жана эр эңиштеги эрлер
Ал жаңы курулган ат майдан күлүктөр үчүн абдан ыңгайлуу болуп, дүйнөлүк стандартка жооп берерин айтты.

Арылыгы 1600 метрге жеткен ат чабыш үч жашка чейинки күлүктөр арасында болду. Алдыда дагы ат чабыштын түрлөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн жыйынтыкталат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Чет элдик басылмалар Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кандай видеолорду окурмандарына сунуштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0