ДКО: марага биринчи келген Чүйдүн Вулкан жоргосу 700 миң сомго ээ болду

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат майданда өтүп жаткан жорго салышка он алты ат катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды депутат Өмүрбек Бабанов тапшырды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтүп жаткан жорго салышта Чүйдүн айтылуу Вулкан күлүгү марага биринчи болуп келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди. 

Жирит оюну - Sputnik Кыргызстан
ДКОнун акыркы күнү: ат чабыш, көк бөрү жана жабылыш азем
Ал эми экинчи орунду да Чүйдүн жоргосу алса, үчүнчү орунду Нарындын Чагылган аргымагы илип кетти.

Биринчи орунду алган күлүк 700 миң сом менен сыйланса, экинчи орун үчүн 300 миң, үчүнчү орунга 150 миң сом берилди. Ал эми саяпкерлерди эл өкүлү Өмүрбек Бабанов сыйлады.

Ат майданда өтүп жаткан жарышка он алты жорго катышып, алар алты айлампа чуркашты. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0