Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасы. Архив

Кыргызстан Көчмөндөр оюнунда 79 медалга ээ болуп, сап башына чыкты

398
(жаңыланган 00:23 09.09.2016)
Тизмеде Россия экинчи болсо, алардын артынан казакстандыктар келе жатышат.

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде Кыргызстан 79 медаль алып, биринчи орунга чыкты. 

Анын 25и — алтын болсо, 25и — күмүш жана 29у — коло байгелер.

Экинчиликти 15 алтын, 3 күмүш, 6 коло менен Түркмөнстан, ал эми 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло медаль алган Казакстан үчүнчү орунду эледи. Ошондой эле Россиянын курама командасы 12 алтын, 5 күмүш жана 10 коло медаль менен төртүнчү болду. Бешинчиликти 4 алтын, 4 күмүш жана жети алтын менен Азербайжан камсыздады.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары биринчи жолу мындан эки жыл мурун, 2014-жылы Көл жээгинде өткөн. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын командалары катышкан.

Быйыл 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, 62 мамлекеттен келген миңден ашуун спортчу улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

398
Белгилер:
тизме, медаль, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Кан кызыткан көк бөрү: чаң ызгыткан тулпарлар, намыска бек жигиттер
Көк бөрү, аламан байге, тыйын эңмей — ат оюндарынан кайталангыс көз ирмемдер
Жаманкулов: Кырчындагы иш-чараларга 40 миңден ашуун адам күбө болду

UFC мушкерлери Нуньес менен Андерсондун көз караштар таймашы. Видео

37
(жаңыланган 20:13 05.03.2021)
Лас-Вегаста ушул жекшемби күнү UFC 259 турнири өтөт. Анын алкагында үч титулдук беттеш болмокчу. Бүгүн жеңил салмактагы UFC чемпиону Аманда Нуньес менен австралиялык Меган Андерсондун көз караштар таймашы болуп өттү.

Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.

Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.

Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.

Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.

37
Белгилер:
видео, беттешүү, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды
Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат
АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил. Архив

Шакил О'Нил рестлингдеги дебютунда рингден кулап, Тез жардам алып кетти. Видео

133
Бул NBA легендасынын аталган шоудагы дебюттук кармашы болгон. Таймаштан соң аны тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.

NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.

Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.

​Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.

​Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.

Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.

Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.

133
Белгилер:
Шакил О'Нил, оорукана, тез жардам, жаракат, окуя, дебют
Тема боюнча
Тай бокс чебери атаандашын санга тээп нокаутка кетирди. Видео
СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов. Архив

Олимпиада-80 чемпиону, КРде туулган Александр Блинов көз жумду

0
(жаңыланган 21:54 05.03.2021)
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Муфтийдин милдетин аткаруучу, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.

Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.

Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

0
Белгилер:
өлүм, спортчу, олимпиада
Тема боюнча
Эми башка Жамал жаралбайт. Элдин Сейдакматова менен коштошкон видеосу
Экс-министр Шайлообек Ниязов каза болду