Чымкентте өтчү теннис турнирине кыргыз спортчулары катышат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТеннис топу. Архив
Теннис топу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Дулдаев жана Намазбек Дүйшөмбиев квалификациялык баскычтан башташат. Shymkent Open турниринин байге фонду 10 миң долларды түзөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык теннисчилер Данияр Дулдаев жана Намазбек Дүйшөмбиев Шымкенттеги (Казахстан) Shymkent Open деп аталган турнирге катышышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтында кабарланды. 

Беттеш 19-25-сентябрь күндөрү өтмөкчү. 48 теннисчи, алардын ичинде Дулдаев жана Дүйшөмбиев да квалификациялык баскычтан башташат. Кыргыз спортчуларынын атаандаштары ким болору азырынча белгисиз. 

Турнирдин байге фонду 10 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0