Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды

Жазылуу
Үчүнчү орун үчүн болгон кармашта Жуманазарова литвалык спортчу Ауксе Руткаускайте менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кадеттер арасында (16-17 жаш) өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу Күрөштүн бириккен дүйнөсү расмий сайтына жазып чыкты.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында 14-сентябрда башталган чемпионат 18-сентябрда бүтөт. 

Үчүнчү орун үчүн болгон кармашта Жуманазарова литвалык спортчу Ауксе Руткаускайте менен беттешип, аны 10:0 эсебинде жеңип алды. 

Эске сала кетсек, аталган турнирде кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов 69 килограмм салмактык категорияда алтын медаль утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0