КРдин жаштар курама командасы Азия чемпионатынын алкагында Япония менен беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКРЧемпионат Азии среди юношей (U-16). Матч Кыргызстан - Австралия
Чемпионат Азии среди юношей (U-16). Матч Кыргызстан - Австралия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча КРдин жаштар курама командасы тайпадагы биринчи оюнунда австралиялыктарды 1:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми япониялык футболчулар Вьетнамдын командасын 7:0 менен жеңген.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. КРдин жаштар курама командасы Азия чемпионатынын алкагында 19-сентябрда Япониянын курама командасы менен беттеше турганы Футбол боюнча Азия конфедерациясынын расмий сайтында маалымдалат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде үч сап төмөндөдү
Беттеш индиянын Гао штатында Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.

Кыргызстандык жаш футболчулар өзүлөрүнүн тайпадагы алкачкы беттешин 16-сентябрда австралиялыктарга каршы өткөрүп, аларды 1:0 эсеби менен утуп алышкан. Ал эми япониялыктар дагы биринчи оюнунда атаандашы Вьетнамдын курама командасын 7:0 эсеби менен жеңишкен.

Кыргызстандын курама командасы (U-16) Азия чемпионатына биринчи жолу катышып жатат.

Чучукулак кармоонун жыйынтыгы менен кыргызстандык оюнчулар "В" тайпасына туш келишкен. Бул тайпада Япония, Австралия жана Вьетнам командалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0