Вейкбординг боюнча чемпионатынын катышуучусу

Бишкекте вейкборд боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

30
Таймашка 15 спортчу катышып, анда суу үстүндөгү оор ыкмалар аткарылып жатты.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектеги ден соолук сейил багында Кыргызстандын вейкбординг боюнча чемпионаты өттү. 

Таймаштын алкагында суу лыжасын тебүү менен оор ыкмалар аткарылды. 

  • Бишкектеги ден соолук сейил багында Кыргызстандын вейкбординг боюнча чемпионаты өттү
    Бишкектеги ден соолук сейил багында Кыргызстандын вейкбординг боюнча чемпионаты өттү
    © Фото / Ярослав Мальцев
  • Таймаштын алкагында суу лыжасын тебүү менен оор ыкмалар аткарылды
    Таймаштын алкагында суу лыжасын тебүү менен оор ыкмалар аткарылды
    © Фото / Ярослав Мальцев
  • Спортчулар тажрыйбалуу жана тажрыйбасыз болуп экиге бөлүнүштү. Тажрыйбалуулар вейкбординг менен бир жылдан ашык убактан бери машыгып келишет
    Спортчулар тажрыйбалуу жана тажрыйбасыз болуп экиге бөлүнүштү. Тажрыйбалуулар вейкбординг менен бир жылдан ашык убактан бери машыгып келишет
    © Фото / Ярослав Мальцев
  • Сынакка жалпы 15 спортчу катышты
    Сынакка жалпы 15 спортчу катышты
    © Фото / Ярослав Мальцев
  • 10 жаштагы Амаль Нуритдинходжаев балдар арасында жеңүүчү атыкса, 17 жаштагы Ильяс Шакиров чоң спортчулар арасында биринчи орунду ээледи.
    10 жаштагы Амаль Нуритдинходжаев балдар арасында жеңүүчү атыкса, 17 жаштагы Ильяс Шакиров чоң спортчулар арасында биринчи орунду ээледи.
    © Фото / Ярослав Мальцев
1 / 5
© Фото / Ярослав Мальцев
Бишкектеги ден соолук сейил багында Кыргызстандын вейкбординг боюнча чемпионаты өттү

Спортчулар тажрыйбалуу жана тажрыйбасыз болуп экиге бөлүнүштү. Тажрыйбалуулар вейкбординг менен бир жылдан ашык убактан бери машыгып келишет. Сынакка жалпы 15 спортчу катышты. 

10 жаштагы Амаль Нуритдинходжаев балдар арасында жеңүүчү атыкса, 17 жаштагы Ильяс Шакиров чоң спортчулар арасында биринчи орунду ээледи. 

Ар бир жеңүүчүгө медаль менен дипломдор тапшырылды. 

Вейкбординг же вейкборд — бул спорттун экстремалдык түрү. Спортчулар суу лыжасын тебишип акробатикалык ыкмаларды көрсөтүшөт. Аталган спорт суу лыжасы, сноуборд, скейт жана сёрфингдин комбинациясы болуп эсептелет. 

30
Белгилер:
спорт, ыкма, вейкбординг
Тема боюнча
КРдин жаштар курама командасы Азия чемпионатынын алкагында Япония менен беттешет
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив

Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео

341
Кадрлардан спортчунун чечинип-кийинүүчү жайга кирип келип, футболкасын жерге ыргытып, клубдаштарына кыйкырганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Интернетте португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун эмоциясын кармай албай калган архивдик видеолору тарады.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчу чечинип-кийинүүчү жайга кирип келип, футболкасын жерге ыргытып клубдаштарына кыйкырат. Бул окуя 2020-2021-жылкы чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы тыныгуу учурунда болгон. Анда "Ювентус" менен "Порту" беттешкен.

"Sportkp.ru" басылмасынын жазганына караганда, видеороликтер италиялык "Ювентус" клубу тууралуу "Бардыгы же эч нерсе" деп аталган даректүү тасманын үзүндүсү.

"Акмакчылык! Ушул кантип оюн болсун?!" — деп кыйкырат Роналду.

Аны кесиптеши Хуан Куадрадо "өзүңдү карма, сен элге үлгү болушуң керек" деп жооткотууга аракет кылат.

"Бул сөздүн сага дагы тиешеси бар! Кыйратып ойнобой жатабыз! Бул чемпиондор лигасы. Биз өзүбүздү көрсөтүшүбүз керек!" — деп жооп узатат Криштиану.

Кийин дагы бир видео жарыяланды. Анда футболчу чечинип-кийинүүчү жайга оюн аяктагандан кийин кирип, ыйлап жиберет.

Биринчи беттеште "Ювентус" клубу "Португа" 1:2 эсебинде утулган. Кийинки беттеште дагы алгачкы тайм "Портунун" пайдасына 0:1 эсебинде аяктаган. Биринчи видеодогу окуя дал ошол биринчи таймдан кийин болгон.

36 жаштагы Роналду бул сезондо англиялык "Манчестер Юнайтед" командасынын курамында ойнойт.

341
Белгилер:
Криштиану Роналду, видео, футбол, эмоция
Тема боюнча
Криштиану Роналду эгиз чүрпөлүү болорун билдирди. Сүрөт
 Россиялык белгилүү мушкер Александр Емельяненко. Архив

Александр Емельяненко атаандашына утулуп, агасы Федордун сөзүн кайталады. Видео

934
Бразилиялык спортчу Емельяненкону көмкөрөсүнөн жыгып, моюн тушун колу менен кыскан. Кармаштан кийин россиялык мушкер агасы Федордун 2010-жылы айткан сөзүн кайталаган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиялык белгилүү мушкер Александр Емельяненко бразилиялык атаандашы Марсио Сантостун муунтуу ыкмасына биринчи эле раундда багынып бергенин Р-Спорт жазды.

Аралаш мушташ боюнча AMC Fight Nights 106 турнири Россиянын Сыктывкар шаарында ишемби күнү кечинде өттү.

Бразилиялык спортчу Емельяненкону көмкөрөсүнөн жыгып, моюн тушун колу менен кыскандан кийин рефери беттешти токтотуп калган. Кармаштан кийин россиялык мушкер агасы Федордун сөзүн кайталаган.

"Менин агам Федор айткандай, жыгылмайын эч ким турбайт", — деген Емельяненко.

"Акыркы император" атка конгон Федор Емельяненко бул фразаны 2010-жылы Фабрисио Вердумга утулганда айткан.

Ошондой эле Александр Емельяненко Сантос менен реванш-беттеш өткөрүүнү суранган, каршылашы дароо макулдугун берген.

Александр Емельяненко 40 жашта. ММА боюнча карьерасында 28 кармашты утуп, тогуз ирет жеңилген жана бир беттешинде тең чыккан. 32 жаштагы бразилиялык мушкер 16 ирет жеңишке жетип, алты ирет жеңилүү ызасын тартып, ал дагы бир жолу тең чыккан.

934
Белгилер:
Александр Емельяненко, Федор Емельяненко, ММА, беттешүү
Тема боюнча
"Кыргыз Флойду" атаандашын канжалатып финалга чыкты. Hardcore видеосу
Федор Емельяненко атаандашын чыкыйга чаап, бир мүнөттө утуп алды. Видео
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме