Кыргызстан — Ливан беттеши дүйнө жүзүндөгү бардык үй-бүлөлөргө арналат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболдук беттеш 6-октябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы футбол боюнча достук беттеш дүйнө жүзүндөгү бардык үй-бүлөлөргө арналат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Демилге БУУнун Балдар фонду тарабынан сунушталып, жактырылган. Эске сала кетсек, Кыргызстан — Филиппин беттеши майып балдарга арналган эле. 

Кыргызстан курамасы менен Ливандын оюнчулары 6-октябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Билеттер 30-сентябрдан тартып сатыкка чыгат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0