Кыргызстандык Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалын тейлейт

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүФутзалдагы калыс. Архив
Футзалдагы калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Ирандын ортосундагы беттешке кыргызстандык калыска англиялык Марк Биркетт менен жаңы зеландиялык Кристофер Синклер жардам берет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Нурдин Букуев футзал боюнча Россия менен Ирандын курама командаларынын жарым финалдагы беттешине калыстык кылары FIFA уюмунун сайтында маалымдалды.

Бильярд оюнчусунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Оюн Медельин шаарында 27-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө (Бишкек убактысы боюнча 04:00) өтөт.

Букуев башкы калыс болуп дайындалды. Ага англиялык Марк Биркетт менен жаңы зеландиялык Кристофер Синклер жардам берет.

Мини-футбол боюнча сегизинчи жолу уюштурулуп жаткан дүйнө чемпионаты Колумбияда өтүп жатат. Мелдеш 10-сентябрда башталып, 2-октябрда аяктайт. Ага жалпысынан 24 мамлекеттин курама командалары катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0