Кыргызстан Азиялык жээк оюндарында алгачкы медалга ээ болду

Жазылуу
Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышып жатат. Алар спорттун самбо, кум үстүндөгү күрөш, жиу-житсу жана муайтай боюнча таймашат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев Азиялык жээк оюндарында алгачкы медалды утуп алды. Бул туурасында аталган оюндардын расмий сайтында маалымдалды. 

Спортчулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
КР командасы Вьетнамдагы V Азия жээк оюндарына катышууда
Азиялык бешинчи оюндар бул күндөрү Дананг (Вьетнам) шаарында өтүп жатат. Муртазалиев бразилиялык жиу-житсу боюнча таймашка 77 килограмм салмак категориясында ат салышты. Үч атаандашын жеңип, жарым финалга жетип, анда Бахрейн спортчусу Али Мунфаредиге утулуп калды. Тагдыр чечкен беттеште казак атаандашын артка таштап, коло медалга татыды.

Бул таймашта Кыргызстандын намысын 11 спортчу коргоп, самбо, кум үстүндөгү күрөш, жиу-житсу жана муайтай боюнча таймашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0