Футболчулар Азамат Байматов жана Валерий Кичин машыгуу убагында

Байматов, Кичин жана Землянухин курама команданын машыгууларына чакырылган жок

93
(жаңыланган 17:22 27.09.2016)
Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын ортосундагы жолдоштук беттеш 6-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ал эми түркмөн оюнчулары менен 11-октябрда беттешет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ливан жана Түркмөнстандын курама командалары менен боло турчу жолдоштук беттеште Кыргызстандын беш оюнчусу негизги курамга киргизилген жок. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

30-сентябрда башталчу машыгууларга коргоочу Валерий Кичин менен жарым коргоочу Антон Землянухин катышпайт. Алар жаракат алып, өз клубу үчүн бир нече мелдешке чыккан эмес.

Буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестинин курамага физикалык жактан мыкты даярдыгы бар гана оюнчулар чакырыларын айткан.

Коргоочу Азамат Байматов дагы негизги курамда жок. Андан сырткары, тизмеге коргоочу Даниэль Тэго менен жарым коргоочу Ахлидин Исраилов дагы кирген эмес. Эмне үчүн мындай болгону азырынча белгисиз.

Машыгууларга "Дордой" футбол клубунун оюнчулары Мустафа Юсупов менен Мирбек Ахматалиев чакырылды.

Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын ортосундагы жолдоштук беттеш 6-октябрда өтөт. Ал эми түркмөн оюнчулары менен 11-октябрда беттешет. Эки оюн тең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

93
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргызстандын футбол федерациясы, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалын тейлейт
Кыргызстан — Ливан беттеши дүйнө жүзүндөгү бардык үй-бүлөлөргө арналат
Валентина Шевченко наносит удар Лорен Мерфи во время поединка за титул чемпиона мира по смешанным единоборствам среди женщин в наилегчайшем весе на турнире UFC 266 в Лас-Вегасе. 25 сентября 2021 года

Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди

47
(жаңыланган 10:47 18.10.2021)
Мушкер кыздардын беттеши UFC 266 мелдешинде болгон. Америкалык спортчу төртүнчү раундда нокаут менен жеңилген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. ММА мушкери Лорен Мерфи кыргызстандык Валентина Шевченкого жеңилгени боюнча комментарий берди. UFC 266 мелдешиндеги беттеш тууралуу пикири BJ Penn басылмасына чыккан.

Таймаш 25-сентябрда Лас-Вегаста өткөн. Ал мелдештеги башкы беттештердин бири болгон. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаутка кетирип уткан.

"Валентина укмуштуудай мушташты. Деңгээли шумдук. Чынын айтсам, төртүнчү раунд таптакыр эсимде жок", — деген Мерфи.

Анын айтымында, калыс беттешти токтотуп туура чечим кабыл алган. Анткени ал Шевченкого эч кандай каршылык көрсөтө албай калган болчу. Эске салсак, төртүнчү бөлүктө кыргызстандык атлет сокку жаадырган, мындан улам рефери беттешти токтотуп, жеңишти Шевченкого ыйгарган.

"Жеңилүү эч кимге жакпайт. Негизи мен биринчи ирет нокаут менен утулдум. Жыйынтык башкача болот деп күткөм, бирок мыкты тажрыйба болду. Менимче, бул Майкл Жордан менен баскетбол ойногонго барабар. Же Хабиб Нурмагомедов менен мушташкан атлеттер ушундай сезимде калса керек. Шевченконун чынында эле деңгээли жогору", — деген ал.

Мерфини жеңип, кыргызстандык спортчу кыз UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калды.

47
Белгилер:
Лорен Мерфи, Валентина Шевченко, UFC, беттешүү, салыштыруу
Тема боюнча
Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

224
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

224
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

0
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

0
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт